Жаңылыктар
Президенттик башкаруунун өзгөчүлүгү эмнеде?
Новости Кыргызстана

Кыргыз коомчулугу кезектеги конституциялык реформанын алдында турат. Мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо менен кошо өтөт. Анын алкагында өлкөнүн бийлик системасынын өзгөрүшү күтүлүүдө. Учурда коомчулук президенттик жана парламенттик бийлик системаларынын артыкчылык-кемчиликтери боюнча талкуулап жатышат. Мына ушул системалардын ичинен президенттик башкаруунун өзгөчөлүгү эмнеде?