Жаңылыктар
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кайра кармалганын УКМК кабарлады
Новости Кыргызстана
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кайра кармалганын УКМК кабарлады

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кайра кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады. Атамбаев менен кошо анын жан сакчылары Канат Сагынбаев менен Дамир Мусакеев да камакка алынды. 

Алар 9-октябрдагы башаламандыктарды уюштурууга шектелүүдө. “Ала-Тоо” аянтында Атамбаев менен экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапташтары уюштурган митингде аларга таш ыргытылып, курал колдонулган. 

Садыр Жапаровдун тарапкерлери кол салуу иши жасалбаганын, бул аларды каралоо үчүн атайылап уюштурулганын айтып чыгышкан. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митингдин натыйжасында бир катар стратегиялык объектилер басып алынган. Мурдагы президент менен бирге анын Сапар Исаков, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Жантөрө Сатыбалдиев сыяктуу тарапташтары камактан бошонуп, чыгып кетишкен.