Бүгүн Ош шаарында турак үйдөн өрт чыгып, бир жаран жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.Өрттү өчүрүүгө саат 13:53тө Ош шаардык №12 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 күжүрмөн эсеп, кошумча саат 14:08де 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган.Өрт саат 16:12де толук өчүрүлгөн. Анын кесеп...
1-июнь күнү болжол менен саат 17:15 чамасында Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунда оор жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.Маалыматка ылайык, Chevrolet Spark үлгүсүндөгү жеңил унаанын 22 жаштагы айдоочусу жолдун карама-каршы тилкесинде келе...
Бишкек шаарындагы «Майкампа» ЖЧКсынын уюштуруучулары аталган компаниянын 49 пайыз үлүшүн мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарып беришти. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет маалымдады.Маалыматка ылайык, бул чечим УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйын...
Бишкекке Кытайдын Anhui Ankai Automobile Company компаниясы менен түзүлгөн келишимдин негизинде дагы 18 жаңы электробус жеткирилди. Бул тууралуу муниципалитет социалдык тармактар аркылуу маалымдады.Буга чейин, 2024-жылдын 31-майында борбор калаага 3 электробус келсе, апрель айында дагы 2 электробус...
Нарын облусу боюнча өткөн жылы 11 миң 340 балага “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу үчүн 291 миллион 270 миң сом төлөнүп берилген. Бул сумма мурдакы жылга салыштырганда 60 миллион 207 миң сомго төмөндөп, жөлөк пул алуучу балдардын саны 4 миң 86га азайган. Адистер буга мамлекет тарабынан аз кам...
"Ынтымак Ордодо" бүгүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү.Ага уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, тармактык министрлик жана ведомстволордун жетекчилери, спорт федерацияларынын өкүлдөрү катышты.Жыйында негизинен оюндарды өткөр...
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн аппараттык жыйында «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында 100 күндүк реформаларды ишке ашыруу боюнча кезектеги иш-чаралар менен тааныштырды. Ал сапаттуу жана жеткиликтүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү мамлекеттик аппа...
Быйыл 8-июндан тарта Казакстан аркылуу транзит менен Кыргызстанга жүк ташуу арзандайт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти. “Казакстан темир жолу” ишканасынын буйругуна ылайык, дан жүгүн ташуу - 55 пайызга чейин, мунайзат ташуу - 20 пайыз, башка жүктү...
АКШда жүргөн жана бул өлкөгө барууну пландап жаткан Кыргызстандын жарандары ал жактын миграциялык мыйзамдарын так сактоосу зарыл. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен эскертишти. Кыргызстандын жарандары АКШга мыйзамдуу жол менен кирип, бирок уруксат берилген мөөнөт бүткөндөн кийин өлкөдөн чыкпаса...
Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов Москва шаарында өткөн коопсуздук маселелерин тескеген жогорку өкүлдөрдүн XIII жыйынына катышты. 27-29-май күндөрү өткөн иш-чарага чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан 126 делегация катышты.Пленардык жыйындын күн тартибинде Глобалдык Түштүк жана...
УКМК аймактар аралык кастыкты козутуу боюнча КР жараны Т.Ж. кармалганын бүгүн билдирди.Маалыматка караганда, социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө УКМК тарабынан КР жараны Т.Ж.нын катышуусундагы видеоматериал аныкталып, анда анын аракеттеринде аймактар ара...
Ат-Башы районунун Арпа жана Ак-Сай өрөөндөрүндө жайдын күнү жаап жаткан карга байланышкан жагдай өзгөрүүсүз бойдон. Бул тууралуу Нарын облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдирди.Бүгүн саат 10:00гө карата алынган маалымат боюнча, аталган аймактарда аба ырайы суук болуп, кар жаап жатат. Бишкек&n...
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 31-майда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (КР УКМК) борбордук аппаратынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземине катышты.Алгач Мамлекет башчысы УКМКнын борбордук аппаратынын жаңы административдик имаратынын инф...