Үстүбүздөгү жылдын 19-октябрына карата көзөмөлдөөчү-кассалык аппаратты башкаруу тутумунун пилоттук долбооруна катышуу үчүн салык төлөөчүлөрдөн 600дөн ашуун арыз түшкөн. Мамлекеттик салык кызматынан кабарлангандай, 209 сынамык контролдук аппарат орнотулуп, туташтырылган, долбоордун башка катышуу...
22-24-октябрь күндөрү “Агротех экспо - 2021” көргөзмөсү өтөт. Айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулган иш-чарада техникалар, асыл тукум мал-жандыктары менен канаттуулар, кайра иштетүү тармагындагы заманбап технологиялар көрсөтүлөт. “Агротех экспо&rdquo...
Президент Садыр Жапаров «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.Аталган мыйзамга жергиликтүү маанидеги социалдык-экономикалык милдеттерди чечүүдө жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликт...
Бишкекте биринчи жолу диний уюмдардын катышуусунда конфессиялар аралык марафон өттү. Иш-чара Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан уюштурулду. Максаты - конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо, ар кандай көз караштар менен ишенимди сыйлоо принциптерин бекемдөө боюнча иш...
Кантты өтө көп колдонуу мээге терс таасирин тийгизип, эс тутумду начарлатат. Бул туурасында диетолог Михаил Гинзбург айтып чыккан. Адис Огайо штатынын окумуштууларынын тамак-аштын адамдын мээсине тийгизген таасири боюнча изилдөөсүнө пикирин айткан. "Себеби табиятта эч ким кантты адам балас...
Кыргызстанда 21-октябрга карата коронавирус дагы 114 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык Бишкек шаарында – 54, Чүй облусунда – 36, Талас облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда –4,...
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Көз карандысыз Мамлекеттер Биримдигинин Аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - жооптуу катчысы Леонид Анфимов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө 12-ноябрда Бишкекте өтө турган КМШ Өкмөт башчыларынын Кеңеш...
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Азербайжандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджевди өлкөдө дипломатиялык ишинин аяктап жатканына байланыштуу кабыл алды. Акылбек Жапаров элчинин кыргыз-азербайжан мамилелерин чыңдоого кошкон салымына ыраазычылык билдирип, түрдүү б...
Кыргызстандык балбан Чынарбек Изабеков ардагерлер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону болду. Күрөш федерациясынан кабарлашкандай, ал 100 кг салмакта күч сынашып, финалдык беттеште польшалык Адам Чойнаскини 5:0 эсебинде жеңип, алтын медалды багындырды. Буга чейин аталган мел...
Бүгүн, 21-октябрда Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмеси өтүүдө.Анын ишине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышууда.