10-декабрь эл аралык адам укугун коргоо күнү.
Дал ушул күнү 1948-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы адам укугу боюнча жалпы декларацияны кабыл алган.
Бул күнгө карата борбор калаада салтанаттуу иш чара болуп өттү.
Ага президенттик аппараттан, Жогорку Кеңештен, өкмөттөн жана эл аралык уюмдардан өкүлдөр чакырылган.
Жыйында президенттин аппараттын жетекчисинин орун басары өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин атынан куттуктоо сөзүн окуду.