Асланайым Аширова: “Баспайсың дешкен, бирок басууну үйрөндүм”
Новость

“Жаш баладай жөргөлөп жүрүп басууну үйрөндүм. Оор сыноону жеңүү оңой болгон жок”, – деди Мамлекеттик цирктин директору Асланайым Аширова УТРКнын “Айымдар” берүүсүнө берген маегинде.

“Бул нерсе мен үчүн өтө оор болду. Көп дарыгерлер "баса албайт, бир гана коляскада отуруп калат" дешкен. Бирок үйгө келгенден кийин жөн отурбай, кичинекей баладай жөргөлөп, акырында басууну үйрөндүм. Мындай оор абалда жаныңда ким бар экенин гана сезесиң. Күтпөгөн адамдардан да жардам келди”, – деп кошумчалады Аширова.