Бүгүн, жалпы жыйында «VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу жөнүндө» токтом долбоору каралып, депутаттар аны колдоп беришти.
Баяндамачы эл өкүлү Улан Примов билдиргендей, мындай чечимге жаңы кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам негиз болду. Анын айтымында, парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрында, ал эми президенттик шайлоо 2027-жылдын январында өтмөк. Эки шайлоонун аралыгында болгону 2–3 ай убакыт калып, бул саясий туруктуулукту бузуп, кошумча финансылык жана техникалык чыгымдарды жаратмак.
Мындан улам Жогорку Кеңеште атайын демилгечи топ түзүлүп, тармактык комитет колдоп, маселе бүгүн жалпы жыйынга чыгарылды.
Каттоодон өткөн 89 депутаттын ичинен 84ү макул добуш берди.
Эми мыйзамга ылайык, президент беш күндүн ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн белгилөөгө тийиш.