Бишкекте заманбап ири мал базар ачылат
Новость

Бишкектин түндүк тарабында, Маевка айылынын жанында заманбап мал базар жана касапкананын курулушу аяктап, 6-сентябрда расмий ачылганы турат. 

Базардын жалпы аянты 4 гектар болгон жаңы жайга 1500 бодо малды жана 6000 майда малды кармоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Курулушка 175 миллион сом инвестиция жумшалган.

Мал базардын аймагында сатуучулар жана кардарлар үчүн ыңгайлуу шарттар да каралган: кеңири унаа токтотуучу жай, мал үчүн өзүнчө короолор, ветеринардык текшерүү зоналары уюштурулган. 

Ошондой эле 360 чарчы метр аянттагы заманбап ашкана да курулган.

Эл аралык санитардык-ветеринардык талаптарга жооп берген жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуучу заманбап касапканасы дагы болот. Мал союучу жай кир жана таза зоналарга бөлүнүп, эт азыктарынын сапатын жана коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Базар айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө, малчылар менен соодагерлерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында ишке ашырылууда. Бул жерде 300гө жакын адам жумуш менен камсыз кылынат.

Азыркы тапта мал базарга сатуучулар орундарга жайгашып, акырындык менен кочүп келе баштады.ж

Учурда Пригородный базары толугу менен көчүп, «Жантай», «Эски толчок», «Расул-Ата» жана башка базарларды көчүрүү иштери уланууда. 

Белгилей кетсек, буга чейин талапка жооп бербеген мал базарлар жабылары, мындай аракет экологияны жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталгандыгы айтылган.