Өлкөдө Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына карата Чолпон-Ата шаарында Көк бөрү боюнча оюндар өтүүдө. Экинчи күндүн беттештери өзгөчө кызыктуу учурлар менен коштолду.
Күндүн биринчи оюнунда "Сары-Өзөн" менен "Ак-Суу" командалары ат салышты. Таймаштын жыйынтыгында "Сары-Өзөн" командасы 8:3 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетти.
Экинчи оюнда "Достук" менен "Казарман" күч сынашты. Биринчи таймда "Достук" 3:0 эсебинде алдыга чыкты. Экинчи беттеште 7:1 менен аяктады. Ал эми соңунда "Достук " командасы "Казарманды" 9:1 эсебинде утуп, жалпы оюнду ишенимдүү жыйынтыктады.