УТРКнын тажрыйбалуу, мыкты кызматкерлеринин бири, белгилүү журналист, акын жана аткаруучу Сонунбү Кадырова бүгүн 59 жаш курагында акка моюн сунду. Ал Улуттук телерадио берүү корпорациясына жаштыгын берип, өмүрүнүн теңинен көбүн арнаган таланттуу инсандардын бири эле.
Сонунбү Кадырова 1966-жылдын 8-февралында Ош облусунун Алай районуна караштуу Бүлөлү айылында жарык дүйнөгө келген. Алгач педагогикалык билим алып, 1981–1985-жылдары Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын мектептер бөлүмүн бүтүргөн. Андан соң журналистикага аралашып, 1997-жылы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. Ошондон тарта өмүрүн кыргыз телевидениесине арнап, Улуттук телерадио берүү корпорациясында редакторлук кызматты аркалоо менен «Алтын тизме», «Замандаш», «Айыл ажары» сыяктуу берүүлөрдү элге тартуулады. 2019-жылдан тартып «Абаз» теледолбоору аркылуу жаш таланттарды элге таанытып келди. 2023-жылдан тарта өлкөнүн 18 районун кыдырып, легендарлуу «Ыр кесе» телеберүүсүн кайрадан жандандырып, Президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгынын ишке ашышына салым кошту. Соңку айларда "Баарлашуу" деген автордук программасын эфирге чыгарып келаткан.
Сонунбү Кадырова Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун да мүчөсү эле. «Сонун дүйнө», «Сүйүнчү», «Бар болуңуз» аттуу китептердин автору. Коомдук иштерге да активдүү катышып, 2005–2015-жылдары «Алтын тизме» коомдук фондунун төрайымы, 2018-жылдан бери «Энелер жолу» коомдук бирикмесинин президенти катары коомдук иштерге активдүү аралашып келди.
Ажалга айла жок экен... Эми жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун дегенден башка айлабыз жок. Бейиштик болуңуз, Сонунбү эже.
УТРКнын жетекчилиги жана жалпы жамааты Сонунбү Кадырованын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт. Сабыр кылыңыздар!