Сасык тумоого байланыштуу борбор калаадагы мектептер убактылуу жабылды
Новость KTRK/videograp

Борбор калаада сасык тумоодон улам 20 мектеп карантинге жабылды. POST1RIGHT

Апта ичинде Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мекеме Бишкекте мектептердин ичинен отуз төртүн текшерип чыккан.

 Жыйынтыгында жыйырма мектепте сасык тумоодон балдардын 30 пайызы сабакка келбей атканы аныкталган. 

Мындан улам, келерки дүйшөмбүгө чейин мектептердеги окуу процессин убактылуу токтотуп туруу токтому чыккан. 

Учурда медицина кызматкерлери башка мектептерди да текшерип жатат.