ЖК төрагасы Нурланбек Шакиевдин Москвадагы иш сапары башталды
Новость

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары башталды. 

Алгач төрага Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Москва шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун борбордук музейине барып, Даңк залындагы жоокердин эстелигине гүлчамбар койду. 

Муну менен катар согушту чагылдырган, андагы аталардын эрдигин даңазалаган көргөзмө менен таанышты. Көргөзмөдө кыргыз жоокерлеринин эрдиктери, тылдагы каарман элдин Улуу Жеңишке кошкон салымы тууралуу да маалыматтар камтылган.

Төрага Нурланбек Шакиев Москва шаарына Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн барган.