Кыргызстанга Виктор Орбан да келди.
Новость

Венгериянын Премьер-министри Виктор Орбан Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.   

Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.   

Иш сапардын алкагында кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн  талкууланып, эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлат.  

Айта кетсек, Виктор Орбан эртең 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун  он биринчи Саммитине катышат.