Борбор калаада 14-ноябрдан тартып курч респиратордук вирустук инфекциялары менен ооругандардын саны кескин жогорулады.
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруларды алдын алуу борборунун берген маалыматы боюнча, жыл башынын бери баш калаада вирустук инфекция менен 10 миң 787 адам ооруса, алардын 70% 14 жашка чейинки балдар.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сасык тумоо оорусунун өсүшү 15, 4 % түзгөн.
Инфекциянын өсүшү сууктун эрте түшүшүнө байланыштуу, бирок азырынча эпидемиялык деңгээлге жете элек, андыктан сасык тумоо боюнча карантин киргизүүнүн зарылдыгы жок экендигин медиктер белгилешүүдө.
Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"