Токтогул суу сактагычына былтыркыга караганда суу жүз пайыз көп келди
Новость

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу кыйла көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин жыйында билдирди.

Анын айтымында, быйыл Токтогул суу сактагычына былтыркыга салыштырмалуу суу 110%  көп келген.

– Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркы жылдын 1-октябрына карата 11,7 млрд. куб болсо, быйыл 13 млрд. куб метрге жетти. Былтыркыга салыштырмалуу суу сактагычка 110% суу көбүрөөк топтолду. Апрель айында суу сактагычтагы суунун кору 7,3 млрд. куб метр болсо, 2025-жылдын апрель айына карата 7,5 млрд. куб метрге жетери божомолдонууда.

Расмий маалыматка караганда, 9-октябрга карай Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 млрд. 128 млн. куб метрге жетти.

Суунун агып келиши секундасына 308 куб метр болсо, сууну керектөө секундасына 146 куб метрди түзүүдө.