Бишкекте милициянын майору менен капитаны кармалды
Новость

Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын бүгүн, 3-октябрда берген маалыматына караганда, 100 миң сом өлчөмүндө пара алуу фактысы менен Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын 2-шаардык милиция бөлүмүнүн кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкерлери – милициянын майору жана милициянын капитаны кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган милиция кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартуу шылтоосу менен жарандан 100 миң сом пара алган.

Кармалган кызматкерлер Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.