Горький көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды
Новость

Бүгүн, 3-октябрда Горький көчөсү Юнусалиев көчөсүнөн Кара-Дарыя көчөсүнө чейин жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымдайт.

Маалыматка караганда, Горький көчөсү Айтматов проспектисинен Кара-Дарыя көчөсүнө чейин оңдолууда.

Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.