Жарым жылда 500 миллион долларга жакын инвестиция тартылды
Новость

Быйылкы жарым жыл ичинде Кыргызстанга 462,2 млн. доллар инвестиция тартылганын Улуттук статистика комитети кабарлады.

 Каражаттын 24 пайызы Кытайдан, 23 пайызы Орусиядан келген. Инвестициянын 13 пайызы Түркиядан келсе, Нидерланд өлкөсүнөн 7 пайыз, ал эми коңшу Казакстандан инвестициялардын 6 пайызы түшкөн.

Улуттук статистика комитети чет элдик инвестициялардын 37 пайызы өндүрүшкө, соодага 19 пайызы, пайдалуу кендерди казууга 15 пайызы жана финансылык ортомчулукка 11 пайызы салынганын белгиледи.