Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командаларынын футбол беттешине катышты
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 10-сентябрдын кечинде борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын улуттук курама командаларынын ортосундагы футбол беттешине катышты.

Бул таймаш 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында өттү.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Өзбекстанга 2:3 эсебинде утулуп калды.