Президент жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырды
Новость

Президент Садыр Жапаров бүгүн, өзүнүн фейсбук баракчасына билдирүү калтырды.

Урматтуу мекендештер!

Жаратылышыбызга аяр мамиле жасап, бири-бирибизди көзөмөлдөп, тарбиялап, бири-бирибизге үлгү бололучу.

Башка жактан келип бирөө жарым жаратылышыбызды тазалап бербейт. Бир күн менен жашабайлычы.

Эртең балдарың, бүрсүгүнү неберелериң келип эс алат го акыры.