Жайыл районунда сейил бак курулат
Новость

Чүй облусунда жаңы сейил бак курулат. Мамкурулуш агенттиги эскиздерди жарыялады.

Маалыматка ылайык, сейил бак Жайыл районунун Ийри-Суу айыл аймагында орун алат.

“Жалпы аянты 1,53 гектарды түзгөн эс алуучу жайдын эскиздик долбоору даярдалып,көрктөндүрүү максатында өз алдынча башкаруу органдарына сунушталды”,-деп билдирди маморган.  

Ошондой эле аталган аймактагы бир катар сейил бактардын жана скверлердин эскиздик долбоору өз алдынча башкармалыктарга сунушталууда.