Президент БА мамлекет башчыларынын VI консультативдик жолугушуусуна катышууда
Новость

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-августта, Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Алтынчы Консультативдик жолугушуусуна катышууда.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев делегация башчыларын тосуп алды. Андан соң сүрөткө түшүү аземи болду.