Алжирдик дзюдочу Олимпиада оюндарынан четтетилди
Новость

Алжирдик дзюдоист Дрис Мессауд Олимпиада оюндарынан четтетилди. Ал бүгүн, 29-июлда биринчи айлампада Израилдин спортчусу Тохар Бутбуль менен беттешмек.

Спортчулар 73 кг салмак категориясында күч сынашмак, бирок Дрис Мессауддын салмагы ашып кеткен.  

Бутбуль 1/8 финалда автоматтык түрдө кийинки баскычка өттү, анын атаандашы азербайжандык Хидаят Гейдаров болот.

Айрым маалымат булактары бул атайын жасалган кадам экенин, ага саясий себептер бар экенин жазып чыгышты.