Парижде өтчү Олимпиадага Кыргызстандан 16 спортчу катышат
Новость

Парижде өтө турган Олимп  оюндарына Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышат. Алар спорттун беш түрү:  күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер), жеңил атлетика, сууда сүзүү, бокс жана дзюдо оюндары боюнча күч сынашат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. 

Ири мелдешке жолдомо алган спортчулардын тизмеси: 

1. Жоламан Шаршенбеков (60 кг, грек-рим күрөшү);

2. Амантур Исмаилов (67 кг, грек-рим күрөшү);

3. Акжол Махмудов (77 кг, грек-рим күрөшү);

4. Үзүр Жусупбеков (97 кг, грек-рим күрөшү);

5. Бекзат Алмаз уулу (57 кг, эркин күрөш);

6. Эрназар Акматалиев (65 кг, эркин күрөш);

7. Айаал Лазарев (125 кг, эркин күрөш);

8. Айсулуу Тыныбекова (62 кг, кыз-келиндер күрөшү);

9. Айпери Медет кызы (76 кг, кыз-келиндер күрөшү)

10. Мээрим Жуманазарова (68 кг, кыз-келиндер күрөшү);

11. Денис Петрашов (сууда сүзүү);

12. Сардана Трофимова (жеңил атлетика);

13. Мунарбек Сейитбек уулу (бокс);

14. Эрлан Шеров (90 кг, дзюдо);

15. Кубанычбек Айбек уулу (66 кг, дзюдо);

16. Елизавета Печерских (сууда сүзүү).