Маркумдарды көмүү үчүн бирдиктүү эреже комплекси иштелип чыгат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги билдирди. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров да Ысык-Көл облусун кыдырып жүрүп, көрүстөндөрдү рекультивация кылуу, андагы эстеликтер жана тосмолор боюнча пикирин айтты.