"КТРК Кербени - 2" теледолбоорунун Кыргызстандагы саякаты
Новость ktrk.kg


КТРК Кербени теледолбоорунун 2-сезонунда да чыгармачыл топ жети дубанды түрө кыдырып, карапайым калктын арасында көмүскөдө көрүнбөй жаткан демилгелүү, ойлоп тапкыч, эмгекчил жана талантуу адамдарды таап, алардын жашоо-турмушун үлгү катары коомчулукка тааныштырышты. Ошондой эле, 1-сезондо катаал аяздуу күндөрдө жетпей калган өлкөбүздүн кооздугу менен айырмаланган тарыхый жерлерин тааныштырып, жаратылышын даңкташты. 

Сиздерге жакшы мүмкүнчүлүк, КТРК Кербени теледолбоорунун 2-сезонундагы ар бир тартылган чыгарылышты баарын бир жерден картасы менен көрө аласыздар.