Бишкекте жарнама такталарын демонтаждоо иштери башталды
Новость

Бишкекте жарнама такталарын демонтаждоо иштери башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, демонтаждоо иштерин мэриянын жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы “Тазалык” ишканасы менен биргеликте жүргүзүүдө.

Эски металл конструкциялардын ордуна заманбап LED-экрандар орнотулат.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Бишкек мэриясына шаардагы эски жарнамалык такталарды 31-августка чейин LED-экрандарга алмаштырууну тапшырган.