Өлкөнүн ички иштерине башкалардын аралашуусуна жол бербейли (ВИДЕО)
Новость

Президент Садыр Жапаров уран темасына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Өлкө башчысы чет элдик блогер-эксперт маалыматтык манипуляция жасап, чындыкка дал келбеген маалыматтарды айтып жаткандыгын билдирди.

"Биз, баарыбыз өлкөбүздүн ички иштерине башкалардын аралашуусуна жол бербейли", - деп белгиледи президент кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда.