Дагы бир депутат мандатынан ажырады
Новость ca-news.org

Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” партиясынан депутат Урмат Ишенбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Мындай чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды. 

Белгилей кетсек, буга чейин "Кыргызстан" фракциясы депутаттар - Чолпон Эсенаманова, Элмира Жумалиева жана Урмат Ишенбековду мандатынан ажыратуу боюнча чечимин БШКга жиберген. Борбордук шайлоо комиссиясы Жумалиева менен Эсенаманованы мандаттан ажыратуу боюнча чечимди 11-январда кабыл алган.POST1RIGHT

 Бир нече күндөн кийин Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту - эл өкүлдөрү мандаттарынан мыйзамсыз ажыратылган деген өкүм чыгарган. Ал арада Жогорку соттун жарандык иштер боюнча коллегиясы 21-январындагы жыйынында өз чечими менен Биринчи май райондук сотунун өкүмүн жокко чыгараарын билдирген. Муну менен Жумалиева менен Эсенаманованын талабы канааттандыруусуз калган.