Акылбек Жапаров 10 күндүн ичинде өлкөдөгү өткөрүү пункттарынын айланасында тартипти орнотууну тапшырды
Новость

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына өлкөдөгү бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарынын айланасында жана аймагында тартипти орнотууну тапшырды. Тиешелүү тапшырмаларды ал “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгүн көргөн учурунда берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы өлкө жарандарынын жана конокторунун көзөмөл-өткөрүү пунктары аркылуу өтүү учурунда аларга ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан жерлерди көрүп жатып, иштебей турган күркөлөрдү жана имараттарды демонтаждоо, айлананын тазалыгын сактоо жана көрктөндүрүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагынан тартипти калыбына келтирүү зарылдыгын белгиледи.