Акылбек Жапаров Ош мэриясынын ишмердүүлүгүнө жакшы баа берди
Новость

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйынында  мэриянын ишмердүүлүгүнө жакшы баа берди.

Министрлер кабинетинин башчысы 2023-жыл Ош шаары үчүн ийгиликтүү жыл болгондугун баса белгиледи.

"Эң негизгиси калкты таза суу менен камсыздоо маселеси чечилди. 2023-жылы жалпысынан республикалык бюджеттин эсебинен Ош шаарына бюджеттер аралык трансферттердин эсебинен 563,8 млн сом бөлүнгөн", - деди министрлер кабинетини башчысы.

Белгилей кетсек, жыйындын күн тартибинде Ош шаарында 2023-жылы жасалган жалпы жумуштардын жыйынтыктары чыгарылып, 2024-жылга алдыга коюлган максаттар, жасалчу жумуштар, ири долбоорлорду ишке ашыруудагы мүмкүнчүлүктөр талкууланды.