Эне менен баланын саламаттыгы - бардыгынан маанилүү
Новость

Кыргызстанда акыркы он жылдыкта энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү туруктуу мүнөздө жогору болуп, төмөндөбөй жатат. Учурда биздеги көрсөткүч Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде эң жогору. Анын коэффициенти 100 миң аман-эсен көз жарган энеге тилекке каршы 40 өлүм менен коштолгон учур туура келет. Пандемия жана андан кийин статистика өскөнүн адистер белгилешет.