POST1RIGHTКыргызстандагы эң ири унаа базар “Азамат” автобазарында калың түшкөн карды көтөрө албай бастырмалар кулап түшүп, кымбат баадагы унаалар жабыркады.
Кечээ дем алыш күнү унаа базарда соода кызып жаткан маалда бастырма урап, алдында 14 машине калган. Анын ичинен үчөөсү көбүрөөк талкаланган. Базарга чогулган адамдар жабыркаган жок.
Ал эми кеч кирип, түнгө оогондо жол боюндагы дагы бир бастырма кулап түшкөн.
Аба-ырайы суук болгондуктан түшкөн карлар басырылган бойдон былкылдабай турат. Адистер болсо карды көтөрө албай араң турган бак-дарактан абайлап, сак болууга чакырат.