Интернет оюндары кылмышкер өспүрүмдөрдү көбөйттү
Новость

POST1RIGHTАр кандай кылмыш иштерине катышып, сот жообуна тартылган өспүрүмдөр көбөйө баштады. Балдар менен иштешкен серепчилер өспүрүмдөрдүн кылмышка аралашуусуна интернет оюндары себеп дешет. Баткен облусу боюнча эле 212 бала өспүрүмдөр менен иштешүү инспекциясында каттоодо турат. 

Мектеп жашындагы бул балдар аскердик куралдардын баарын жатка билишет. Китеп окуганга караганда интернет клубдарга көбүрөөк кызыгышкан бул окуучулар өздөрүн боевик кинолордогу каарамандарга салыштырып, көбүнчө согуш оюндарын кызыгышкандыктан кээде өздөрүнүн күчүн иш жүзүндө сынап көргүсү келишет. 

Кабыргасы ката электе ойлонбой оор кылмыш жасоо аракет кылган өспүрүмдөрдүн көбөйүшү коомчулукту тынчсыздандырган көйгөйгө айланып бараткандыгы албетте өкүнүчтүү.