Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды
Новость

Бүгүн, 10-декабрь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдештин биринчи күнүндө 55, 63, 72, 82, 97 кг чейинки салмакта категорияларында беттештер өтөт.

Башталышы: 11:00.