Электромобилдерди бажы төлөмүсүз дагы эки жыл ташууга болот
Новость

ЕАЭБ ичинде электромобилдерди 2026-жылга чейин бажы төлөмүсүз ташууга болот. Мындай чечимди Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши кабыл алды. Белгилей кетсек, бажы төлөмүнөн Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстанда туруктуу жашаган жарандар гана бошотулат.