Өлкөнүн өнүгүшүнө опол тоодой эмгек өтөгөндөр сыйланды
Новость

"Таман акы, маңдай тер менен жаралган ийгилик ээлери”. Президент Садыр Жапаров бүгүн ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. 

Салтанаттуу аземде Мамлекет башчысы “Кыргызстан - өнүккөн өлкөлөр кылымдар бою баскан жолду кыска мезгил аралыгында басып өтүүгө тийиш” экенин айтты. Бул үчүн баарыбыз жапа тырмак киришип, салым кошуубуз зарыл.