Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады
Новость

Бүгүн, 6-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев менен телефондон сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.