Энергетиктердин айтымында быйыл эл жарыксыз калбайт
Новость KTRK/videograp

Өлкөдөгү негизги электр энергиясын өндүрчү Токтогул гидроэлектростанциясы суук түшчү айларда толук кандуу иштөөгө даяр. Кылычын сүйрөгөн кыш мезгилин утурлай “Электр станциялар” тармагы журналисттерди жылытуу сезонуна карата даярдык иштери менен тааныштырды. 

Токтогул ГЭСине топтолгон суунун көлөмү башка жылдарга салыштырмалуу арбын. Суу сактагычка 19 миллиард кубометр суу батса, азыркы күндө 17 миллиард кубометр суу бар. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 4 миллиардга көп суу топтолгон.

Токтогул ГЭСнин биринчи агрегаты 42 жыл мурун ишке кирген. Энергетиктер эскирген жабдууларды 2012-жылдан тарта алмаштыра баштаган. 215 метр бийиктиктеги суу сактагычтын плотинасы ремонт иштерине муктаж эмес, азыр жакшы абалда. Адистер калган жабдыктарды 2020-жылга чейин жаңылап ГЭСтин кубатуулугун 15-20 пайызга чейин арттырууну пландап жатат.

Кубатуулугу боюнча экинчи турган Күрпсай ГЭСи. Ал Нарын дарыясынын төмөн жагында жайгашып, 350 миллион кубометр суунун топтой алат. ГЭСтин 4 генератору бир суткада 800 мегаватт электр энергиясын иштетип чыгарат.

 Өлкөдөгү электр энергияга болгон муктаждыкты чечүүгө Таш-Көмүр, Шамалды-Сай жана Үч-Коргон ГЭСтери дагы салымын кошот.
1991-жылы 3 станциянын кубаттуулугу 2 эсеге чейин жогорулаган. Бул ишканалар жылына 4 миллиард киловатт-саат электр энергия чыгарып, өлкөдөгү өндүрүлгөн электр энергиянын 30 пайызын түзгөн. Энергетиктер бул жылы электр жарыгы үзгүлтүккө учурабайт деп убада кылышууда.