Караколдо кышкы туристтик сезон расмий ачылды
Новость

Караколдо кышкы туристтик сезон расмий ачылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Иш-чарага облус башчысы Эмилбек Абдыкадыров, коңшу өлкөлөрдөн жана алыскы аймактардан келген коноктор, ошондой эле кышкы эс алууну ышкыбоздору катышты. Облус башчысы өз сөзүндө кышкы туризм тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.