“КР Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу” жарлыкка өзгөртүү киргизилди
Новость

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 “КР Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу” жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, кечиктирилгис иш-чараларды каржылоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 433-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

1. КР президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 “Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган жарлык менен бекитилген КР Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибинде:

– 221-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“221. Улуттук коопсуздукту камсыз кылууга, республиканын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого, анын ичинде калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган иш-чараларды каржылоо жөнүндө чечим КР президенти тарабынан кабыл алынат”.