Президент Садыр Жапаров жогорку дипломатиялык рангдарды ыйгаруу боюнча жарлыктарга кол койду
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи элчилери - дипломатиялык рангдарын ыйгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси дипломатиялык рангы:

- Кадыралиев Азамат Сактанбековичке;

- Аширбеков Талгат Аширбековичке;

- Маматбеков Айбек Бекбоевичке;

- Абдыжапарова Бүбүйра Самыйбековнага ыйгарылды.