2024-жылдан 2027-жылга чейин тышкы карызды төлөөнүн туу чокусу. Эң башкысы бересини жабууга мамлекеттин күчү жетет. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазып, бюджеттик каражаттын эсебинен тышкы карыз төлөнүп жатканына карабастан, айлык акылар көтөрүлүп, өлкөнүн куралдуу күчтөрү чыңдалып жатканын белгиледи.