Жакында Бишкекте 240 орундуу мончо колдонууга берилет
Новость

Жакында Бишкек шаарында 240 орундуу муниципалдык мончо колдонууга берилет. Учурда курулуш иштери дээрлик аяктоо алдында турат. Былтыр декабрда Президент муниципалдык жуунучу жайларды курууну тапшырган. Ага ылайык, борбор калаада 10-15 социалдык мончо салынаары пландалган эле. Коомдук мончо куруу - ыштан арылуу жолдорунун бири экени белгиленген.