Жакында Бишкек шаарында эки ири социалдык объект колдонууга берилет. Биринчиси баш калаадагы калк жыш жайгашкан 10-кичи райондогу орто мектеп, экинчиси шаар элинин капчыгына күч келтирбей турган социалдык мончо. Калаа башчы баштаган топ курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алды.