Ат-Башы райондук электр тармактары жаңы трансформаторлорду орнотууда
Новость

 Нарын электр тармактар ишканасы "Кыргыз улуттук электр тармактар" ААКтын капиталдык курулуштун эсебинен бөлүнгөн трансформаторлорду орнотуу иштерин улантууда.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө Ат-Башы районуна бөлүнгөн трансформаторлорду орнотуу иштери аяктап калды.

"уга чейин эскилиги жеткен 160 кВА трансформаторлор айыл тургундарынын керектөөсү оскөндүгүнө байланыштуу, суук катуу жүргөн аймакта өз нормасынан 33% пайызга ашыкча жүктөм менен иштеп келген, эми кубаттуулугу жогору 250 кВА трансформаторго алмаштырылууда", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Бирлик жана Өзгөрүш айылдарына кошумча 900 метр 10 кВ жана 2 чакырым 0,4 кВ аба чубалгыларын тартып, 10/0,4 кВ 1 даана трансформатор орнотулуп,жалпы 11 чакырым электр чубалгылары тартылган.

Жасалып жаткан иштер калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууу максатында жүргүзүлүүдө.