Абактагы үч миңден ашык адам мунапыс менен бошотулду. POST1RIGHT
Жазаларды аткаруу кызматынын маалыматы боюнча Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата жарыяланган мунапыстын негизинде 3 айдын ичинде үч миңден ашык адам түрмөдөн чыгарылды.
Бирок мунапыс терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондорго колдонулбайт.
Тактай кетсек, Кыргызстандын түрмөлөрүндө 10 миң 235 адам камакта олтурат. Алардын 8 миңге жакыны соттун чечими менен кесилгендер. Калган 2236сы айыпталып, учурда үстүнөн соттук териштирүүлөр болуп жаткандар.