Алтынай Сакеева Санкт-Петербург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу болуп дайындалды
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Сакеева Алтынай Ишеновна Карелия Республикасынын, Коми Республикасынын, Архангельск, Вологда, Калининград, Ленинград, Мурманск, Новгород, Псков облустарынын жана Санкт-Петербург шаарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу болуп дайындалды.