Саммит учурунда атчан инспекторлор кызматта болушту
Новость

Бишкекте өткөн КМШ саммити учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоого ИИМдин кавалериялык түзүмү да кошулду. Кайгуул кызматынын атчан инспекторлору сейил бактар менен резиденциянын айланасына көз салды. 

Кавалерия взводу 1990-жылы түзүлүп, 2019-жылы милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын курамына кирген.