В. Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду
Новость

Бүгүн, 12-октябрда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында кыргыз-россиялык биргелешкен кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Ошондо, төмөнкү документтерге кол коюлду:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россиянын Биринчи Президенти Б.Ельцин атындагы КРСУнун иштөө шарттары жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинин ортосундагы 2023-2024-жылдарга кызматташтык программасы;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Россия Федерациясынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин ортосундагы токой чарбасын өнүктүрүү жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги менен Россия Федерациясынын жаратылыш ресурстары жана экология министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;  

 - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети ортосундагы ниет протоколу;

- Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ортосунда биологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.